АКШ жети орусиялыкты киберчабуулдарга айыптады
АКШ жети орусиялыкты дүйнөнүн ар кайсыл бөлүктөрүндөгү киберчабуулдарды уюштурууга айыптады. Алар Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин кызматкерлери экени айтылууда.
АКШнын Юстиция министрлиги айып тагылган орусиялыктардын аты-жөнүн жарыялады. Алардын баары мурда ГРУ деген аталыш менен белгилүү болгон Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин кызматкерлери экени айтылууда.
Алар Алексей Моренец, Евгений Серебряков, Иван Ермаков, Артем Малышев, Дмитрий Бадин, Олег Сотников жана Алексей Минин.
Булардын төртөөсү быйыл апрелде Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кеңсесине хакердик чабуул жасоо аракетин көргөндөн кийин Нидерландыдан чыгарылган.
Үчөөсү — Ермаков, Малышев жана Бадин — буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер тарабынан АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыпталган.
Орусиялыктар тарабынан жасалган хакердик чабуулдардын арасында Эл аралык антидопинг агенттигинин маалыматтар базасын бузуу, ошондой эле Пенсильваниядагы атомдук электрстанция менен Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кеңсесине чабуул коюу аракеттери көрсөтүлгөн.
Бейшембиде Орусиянын аскердик чалгын мекемесинин дарегине Улуу Британия, Нидерланд жана Канада айыптоолорду айтышты. Улуу Британия менен Нидерланддын премьер-министрлери Орусияны «глобалдык баалуулуктарды жек көрүүгө» айыпташты. Марк Рютте менен Тереза Мэйдин биргелешкен билдирүүсүндө Орусиянын чалгын мекемеси глобалдык коопсуздукту камсыз кылып турган макулдашууларды сыйлабай жатканы жазылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









