“ММК жөнүндөгү” мыйзам парламентте кызуу талкуу жаратты
Убагында элге жардам берген "Азаттыкты" душманга айландыруу опурталдуу. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
Ал айрым депутаттар сунуштап жаткан "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзам долбоорун сынга алды.
- Биз “Азаттыктын” пайдасын көп эле көрдүк да. Акаевдин деле, Бакиевдин убагында деле алар демократияга бир топ салым кошту. Убагында элибизге ушунчалык чоң жардам берген медианы азыр кайра элибиздин душманына айландыруу опурталдуу нерсе. Биз мыйзам долбоорун комитетте караганда өтө опурталдуу, өтө орой даярдалып калганына мен күбө болдум. Азыркы турган турушу менен, азыркы сунушталып жаткан вариантта кабыл алып коё турган болсок, биз сөз эркиндигин чектеген болуп калабыз. Эл аралык уюмдардын катуу каршылыгына кабылабыз. Бул эми чектөө да. Эгер биз каржысын чектеп атсак, демек сөз эркиндигин чектеп жатабыз да, - деди депутат.
10-июнда Жогорку Кеңештин 4 депутаты "Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралганы жаткан. Бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде аны күн тартибинен алдырып, кийинки аптага калтырышты. "Азаттыкты" колдоп укук коргоочулар жана жарандык активисттер пикет өткөрүп, депутаттарды мыйзамды артка кайтарууга чакырышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12