Жалал-Абад шаарында 21 – июнь күнү II - Эл аралык бизнес-форум өткөрүлөт
Жалал-Абад шаарында 21-июнь күнү экинчи жолу Эл аралык бизнес-форум өткөрүлөт. Ага Кытайдан, Россиядан жана Казакстандан инвесторлордун келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов маалымат жыйында билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, ушундай эле Эл аралык бизнес-форум өткөн жылы биринчи жолу өткөрүлүп, анда беш багыт боюнча иш жүрүп, бир нече инвестициялык долбоорлорго кол коюлган.
- Өткөн жылдагы бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча Россиянын Чебаксары шаарынын ири заводу биздин ГЭСтерге жабдууларды ташып жатат. Келишимдин негизинде ГЭСтерге 2-3 жабдууну алып келишти. Андан сырткары, былтыркы жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Базар-Коргон районуна Кытай инвесторлору көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча даярдык иштерин жүргүзүп жатышат.Тюмень облусунун шаарларына 2 университетке бюджеттик негизде 30 окууучуга орун берилип, азыркы учурда облустун район-шаарларынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатат, - дейт М.Акматов.
Өкүлдүн 1-орун басары М.Акматовдун айтымында, быйылкы 2-Эл аралык бизнес форум Өкмөттүн “Айыл-чарба продукцияларын сыртка чыгаруу” боюнча программасынын алкагында айыл-чарба продукцияларын сыртка сатуу максатында өткөрүлүп жатат. Ага негизинен Россиядан кызыктар тараптар чакырылган. Форумга алардын келиши күтүлүүдө. Ошондой эле, КР Өкмөт башчысынын биринчи орун басары М.Абулгазиев өзү келип, бизнес-форумду ачып берүүсү программада каралган. КР Айыл-чарба министри, Кытайдын, Россиянын генералдык консулдары Казакстандын консулу чакырылган. Бул бизнес-форум донорлордун (GIZ, ПРООН, USAID, ОБСЕ) жардамы менен өтүп жатат.
“Дыйкандарга аз да болсо шарт түзөлү деген максатта II - Эл аралык бизнес-форумду өткөрүп жатабыз. Облустун дыйкандары ак мээнети менен өндүргөн продукцияларынын баары, кайра иштетүү ишканаларынын бардыгынын продукциялары жарманкеге коюлат. Бизнес-форумдун ачылуу аземи 21-июнда Жалал-Абад шаарынын “Эркиндик” аянтында саат 10.до башталат. Андан кийин, келген коноктор, бардык шаар тургундары жарманке менен таанышып чыгышат. Ал эми түштөн кийин, Кыргыз-түрк балдар лицейинде тегерек столдор өтүп, анда айыл-чарба продукцияларын кантип өстүрүп, аны кантип сатуу керектиги боюнча маселе талкууга алынат. Акырында, форумдун жыйынтыгы чыгарылып, келишимдерге кол коюлат. Каалоочулар үчүн 21-июнь күнү дыйкандардын чыгарган продукцияларын жарманкеден сатып алууга зор мүмкүнчүлүк түзүлөт”, - дейт М.Акматов.
"Көк-Арт Инфо" Маалымат борбору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38