Казакстан Өзбекстан менен бирге жаңы соода аймагын түзүүгө ниеттенүүдө
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө Өзбекстан менен бирге жаңы эл аралык соода аймагын жана “Түркстан” өткөрүү бекетин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу казак лидери Түркстан облусун өнүктүрүүгө арналган жыйын учурунда билдирди.
“Эл аралык “Борбор Азия” соода борборун түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүү керек. Бул Түркстан облусу гана эмес өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жаңы дем берет. 2020-жылга карата Өзбекстан менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн жылына 5 миллиард долларга жеткирүүгө потенциалыбыз бар. Буга байланыштуу өкмөткө Түркстан облус акимдери менен бирге өзбек тараптын катышуусунда “Түркстан” эл аралык өткөрмө бекетин түзүү маселесин карап чыгууну тапшырам”, – деди Нурсултан Назарбаев.
Казакстанда 2018-жыл Өзбекстан жылы деп жарыяланган. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 8,6% жогорулап, 2 миллиард доллардан ашкан. Быйылкы жылдын январь-июнь айларында Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 52% жогорулаган, ошол эле маалда өзбек экспорту 48% көбөйгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38