БУУ кеңсесинин алдында Түркмөнстандагы мажбурлап иштетүүгө каршы акция өттү
Түркмөнстандагы пахта терүү
Укук коргоочулардын эл аралык тобу БУУнун Нью-Йорктогу кеңсесинин алдында Түркмөнстандын пахта талааларындагы мажбурлап иштетүүгө каршы нааразылык акция өткөрдү.
Нааразылык акцияны мажбурлап иштетүүгө жана пахта талааларында балдар эмгегин пайдаланууга каршылыгын билдирип келген «Пахта өнөктүгү» аттуу эл аралык коалиция уюштурду. «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» долбоору бул эл аралык өнөктүктүн мүчөсү жана акциянын уюштуруучуларынын бири болуп эсептелет.
1-октябрда долбоордун редактору Руслан Мятиев бул акциянын максаты — БУУнун Башкы Ассамблеясы менен түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун көңүлүн мажбурлап иштетүү көйгөйүнө буруу жана мындай тажрыйбаны токтотуу экенин билдирди.
Анын айтымында, мажбурлап иштетүү боюнча баяндамаларды даярдаган түркмөн активисти Гапсар Маталаев 2016-жылы кармалып, үч жылга эркинен ажыратылган. «Биздин пикирибиз боюнча анын иши боюнча сот адилетсиз болгон жана ал күнөөсүз камалган», — деди Мятиев.
«Түркмөнстан мугалимдерди, дарыгерлерди жана башка мамлекеттик кызматкерлерди пахта теримге чыгууга мажбурлайт. Мындан тышкары пахта талааларында азыркыга чейин балдар эмгеги пайдаланылат. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен президент Гурбангулы Бердымухамедовду бул практиканы жоюуга чакыруу үчүн бизге кошулгула», — деп жазылган «Пахта өнөктүгү» уюмунун расмий сайтындагы билдирүүдө.
29-сентябрда Түркмөнстандын президенти БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн. Мурдараак түркмөн лидери бул сапарынын алкагында америкалык ишкерлердин тобу менен жолуга тургандыгы кабарланган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









