Тажикстанда авариядан жети этникалык кыргыз набыт болду
Тажикстандын Лахш районунда (мурунку Жергетал) жол кырсыгынан жети этникалык кыргыз набыт болду. Алар Кошой айлында жашашкан.
Маркумдардын Кыргыстанда жашаган тууганы Мирхажидин Мамуровдун айтымында, трагедия 30-сентябрда болгон. Каза тапкан жарандар картошка казып, тоодон түшүп келе жатышкан. Жолдо машина аварияга кабылган.
Жол кырсыгынын кесепетинен Темирбай Шарапов жана анын үч уулу, Насир Шарапов баласы жана тууганы менен мерт болгон.
“Азаттыктын” тажик кызматы укук коргоо органдарына таянып билдиргендей, дагы беш адам жаракат алган, алардын экөө оор абалда. Айдоочу Сунатулло Юсупов дагы жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Ар кыл маалыматтар боюнча Тажикстанда 55 миңдей этникалык кыргыз жашайт, алардын басымдуу бөлүгү Лахш жана Мургаб райондорунда отурукташкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05