KELECHEK
rek

Кош жарандыгын жашырган депутаттар жазаланышы мүмкүн

Кош жарандыгын жашырган депутаттар жазаланышы мүмкүн

Кыргызстанда кош жарандыгын жашырган мамлекеттик кызматкер же депутат кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ири суммада айып пул төлөшү мүмкүн. Буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде жактырылып, коомдун талкуусуна коюлмай болду. Буга чейин башка өлкөнүн жараны экени кокустан аныкталган учурда эң чоң жаза катары кызматтан алынып же мандатынан гана ажыраган.

Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешов муну 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоого чейин кабыл алыш керектигин, "бул талапкерлердин кош жарандуулугун алдын ала текшерүү үчүн маанилүү” деп негиздеди.

- Бул саясий кызматта иштегендерге тиешелүү, жөнөкөй жарандарга тиешеси жок. Эгер жарандыгына байланыштуу жалган маалымат бергени аныкталса, 250 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөшөт. Бул жерде кишилерди абакка отургузуш эмес, алдын алуу чаралары болуп эсептелет.

Дастан Бекешовдун айтымында, эки паспорту бар адамдарды жоопкерчиликке тартууга мыйзамда жоболор жетишсиз. Ошол себептүү Башкы прокуратура эки паспорту табылган Кубанычбек Кулматовго кылмыш ишин козгобой келген.

Кулматовдун Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы тууралуу маалымат ал "Коррупция" беренеси менен кармалып, камалгандан кийин гана маалым болгон. УКМК бул боюнча экинчи кылмыш ишин козгоп, 21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

УКМК бул боюнча түшүндүрмө берип, Кубанычбек Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын да, Кыргызстандын да паспортун, жарандыгын алып алганын билдирген. Ушул күндөрү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча ишти карап жатат.

Кыргызстан эч бир өлкө менен кош жарандуулук боюнча келишим түзгөн эмес. Мыйзам боюнча чет өлкөнүн жараны депутат, министр, күч органдарынын кызматкери жана муниципалдык кызматтын жетекчиси боло албайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53