KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН КАРЫЛАРЫНА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН КАРЫЛАРЫНА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлик башчылары карыялардын үйүнө барышып, аларды куттуктап келишти.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана шаардык кеңештин төрагасы Айбек Джолдошев, шаардын 1-вице-мэри Майрамбек Адылбеков баш болгон жетекчилер шаар тургундарынын арасында эң узак жашаган кадырман карылардын үйүнө барып, кабар алып кайтышты. Ардактуу карыяларга куру кол барбай, алар үчүн атайын азыктардан даярдалган белектерди берип, кенен баарлаша алардын ак баталарын алышты.

Быйыл жашы 100гө келген Сонунбү Эримбетова, 95ке келген Тургунай Абдырайимова шаар башчыларына ыраазычылыктарын айтып, ак баталарын беришти жана иштерине ийгиликтерди каалашты. Ошондой эле шаардагы ресторандардын биринде 100гө чукул карыяларга шаар бийликтери ак дасторкон жайып, майрамдык сый тамак тартуулашты. Шаардын кадырман карыялары шаар жетекчилерине бул майрамдык иш-чара үчүн ыраазы болушуп, шаар күндөн-күнгө өсүп-өнүгүп, жакшырып баратканы, буюрса өлкөдөгү эң алдыңкы шаарлардан болору тууралуу кеп кылышты.   

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы 1-октябрь Карылар күнүнө карата жашы эң улуу 124 карыга бирден азык-түлүк баштыктарын тапшырышты. Бул майрамдык иш-чараларга шаар бюджетинен 100 миң сом каражат бөлүнгөн. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13