KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР АСТЫ ӨТМӨГҮ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР АСТЫ ӨТМӨГҮ АЧЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган жер астынан өтүүчү жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде унаа тыгындары, жөө атуулдардын башаламан кыймылы көп болуп, коопсуздук жагынан көйгөйлөр жаралган. Ага байланыштуу 2016-жылдан бери эле тургундар жер астынан өтмөк куруу зарылдыгын белгилеп келишкен.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган өтмөктүн курулуш аяктап, ишке берилди. Бул аземге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Жогорку кеңештин бир катар депутаттары, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар жетекчилери менен тургундары катышты. Шаар мэри Мурутала Тагаев премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков шаарга келип, өтмөктүн долбоору менен таанышканын, аны курууга ак батасын бергенин, колдоо көрсөткөнүн айтып өттү. Ошондой эле курулуш убагында жол жабылган, элге ыңгайсыздык жаралганын, ага шаардыктар сабырдуулук менен мамиле кылганын белгиледи жана шаардыктарга ыраазычылык билдирди.

Келген коноктор шаар калкын бул ийгилик менен куттукташып, аксакалдардын ак батасы менен тасма кыркышты.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи курулган жер асты өтмөгүнүн ачылышы майрамдагыдай салтанаттуу өтүп, шаар тургундарынын кубанычы ачык байкалып турду. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13