Тажикстан Беларуста кармалган сакалчан футболчунун экстрадициясын күтүүдө
Тажикстан укук коргоо органдары «Хайр» футбол командасынын мурдагы оюнчусу Парвиз Турсуновдун экстрадициясын күтүшүүдө. Ал экстремизм айыбы менен эл аралык издөөгө алынып, Беларуста кармалган.
Тажикстан ИИМи 2018-жылы февралда Парвиз Турсуновго “экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тажикстандык сакалчан футболчу эмне кылганы үчүн айыпталып жатканы так белгисиз. Тажикстан ИИМи экстрадиция үчүн керектүү документтерди Минскке жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.
2011-жылы Турсунов сакалы үчүн оюндан четтетилген. Ошондон бери ал үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмиратында жана Түркияда жашаган жана Европадан башпаанек суроого ниеттенип жүргөн. Парвиз Турсуновдун кармалганы тууралуу 23-сентябрда анын жубайы Сайёра Субхонова билдирген.
Анын айтымында, күйөөсүнүн Дубайдагы каттоо мөөнөтү аягына чыгып, убагында аны узарта албай калган, буга байланыштуу алар Түркияга барып, үч ай жашашкан. Ал жерде да каттоого туруу мүмкүн болбогондуктан, Алар Украина, андан ары Беларус аркылуу Европага кетүүгө аракет жасашкан. Бирок саякат Минскте үзгүлтүккө учураган.
«Парвиз тыюу салынган «Салафия» кыймылына тиешеси бар делинип, издөөдөгү кишилердин тимзесинде болгон. Күйөөм кармалгандан кийин Беларус укук коргоо кызматкерлери эч нерсе деп айтышкан жок, сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Мен күйөөмдү ошондон бери көрө элекмин. Телефонун жана буюмдарын беришти. Күйөөмдүн тагдыры тууралуу маалыматты кайдан аларымды сурасам, консулдукка кайрылуу керектигин айтышты. Так маалымат беришкен жок», - деди жубайы.
Парвиз Турсунов Тажикстан жогорку дивизионундагы «Хайр» (Вахдат) командасынын алдыңкы оюнчуларынын бири болгон. Оюндан четтетилген футболчу анда эч качан сакалын албай турганын айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









