KELECHEK
rek

Тажик бийлиги: электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбейт

Тажик бийлиги: электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбейт

Тажикстанда электр энергиясын өчүрүү – убактылуу көрүнүш, кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн профилактикалык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу «Барки Точик» энергохолдингинен билдиришти.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Тажикстандын аймактарында электр энергиясы өчүрүлүп жатканы маалымдалган. Интернет колдонуучулар жарык эртең менен жана кечкисин гана берилип жатканын жазышып, электр энергиясын колдонууга кайрадан чектөө киргизилеби деп кооптонушкан.

«Эч кандай лимит жөнүндө сөз жок. Учурда «Барки точик» адистери көмөк чордондорду жана башка жабдууларды оңдоп жатышат. Бул профилактика кыш алдында жыл сайын болуп турат. Компания энергия берүү түйүндөрүнүн ишин ишенимдүү жана үзгүлтүксүз камсыздоого тийиш»,- деди энергохолдингдин атайын өкүлү Нозирджон Ёдгори. Анын айтымында, электр кубатын өчүрүү 1-2-октябрга чейин созулат.

Тажикстанда былтыр акыркы 20 жылдан бери биринчи жолу күз-кыш маалында электр кубатын берүүдө чектөө болгон эмес. Анда «Барки точик» энергохолдинги республика боюнча жаңы чакан ГЭСтер жана Жылуулук электр борбору курулганын билдирген. Буга чейин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өлкө жакынкы жылдары электр кубатын чектөө тажрыйбасынан толугу менен баш тартарын айткан.

Тажикстанда дээрлик 20 жыл бою октябрдан апрель айына чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилип турган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13