Түркмөнстанда 1700дөн ашуун кишиге мунапыс жарыяланды
Түркмөнстан өкмөтү Эгемендүүлүк майрамына карата 1700дөн ашуун кишиге мунапыс жарыялап, 740тан ашуун кишиге жарандык берди. Бул тууралуу 24-сентябрда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда өткөн жыйында белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйыны Элдик Кеңештин биринчи отуруму ачылган күнү болду.
Анда 1722 кишиге мунапыс жарыяланганы айтылды. Мындан тышкары Бердымухамедов 740тан ашуун кишиге Түркмөнстан жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди.
24-сентябрда Элдик Кеңештин иши башталбаганы менен Ашхабадда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Борбордук көчөлөр жабылды.
Ашхабаддын олимпиадалык стадионунда Түркмөнстандын Эгемендик майрамына карата салтанаттуу даярдыктар өттү. Быйыл майрам жылдагыдай 27-октябрда эмес, 27-сентябрда болот.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









