KELECHEK
rek

Путин менен Нетаньяху Сирияга С-300 ракеталарын берүү маселесин талкуулашты

Путин менен Нетаньяху Сирияга С-300 ракеталарын берүү маселесин талкуулашты

Орусия президенти Владимир Путин жана Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху Сирияга С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берүү маселесин талкуулашты. Кремль телефондук сүйлөшүү Израиль тараптын демилгеси менен болгонун билдирди.

Путин Сирияда жаралган кырдаалга байланыштуу Москва кабыл алган чечимди адекваттуу деп эсептесе болорун белгиледи. Кремль Израилдин Аскердик аба күчтөрүнүн аракеттеринен улам Сирияда орусиялык Ил-20 учагы кыйрап, экипаждын 15 мүчөсү өлдү деп эсептейт.

Нетаньяху С-300 комплекстерин “жоопкерчиликсиз кишилерге” берүү – аймактын коопсуздугуна терс таасир тийгизет деп эсептейт. Премьер-министр Израиль өз кызыкчылыктарын коргоону улантарын белгиледи.

АКШ президентинин коопсуздук боюнча катчысы Жон Болтон Сирияга С-300 зениттик ракеталык комплекстерди берүү менен Орусия аймактагы абалды курчутарын айткан. Ал Москванын мындай кадамын “катачылык” деп атаган.

Орусия эки жума ичинде Башар Асаддын армиясына С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берери маалымдалган. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 24-сентябрда билдирген. Мындай чечим Кремль бир жума мурда Сирияда орусиялык Ил-20 учагынын кыйроосуна Израилди айыптаган окуядан кийин кабыл алынган.

Мындан тышкары орусиялык учактарды аныктоочу автоматташтырылган башкаруу системалары да жеткирилет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52