KELECHEK
rek

ИИМ АКШ элчилигине офицерлер маалымат берген деген кабарды ырастады

ИИМ АКШ элчилигине офицерлер маалымат берген деген кабарды ырастады

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызыкчылыгына маалымат берди деп айыпталган министрликтин мурдагы жана учурдагы кызматкерлерине карата соттун өкүмү чыкканын Ички иштер министрлиги ырастады.

Министрликтин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун билдиришинче, жоопкерчиликке тартылган адамдар мурда ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

- Мурда бизде иштеп, кийин АКШ элчилигине жумушка орношкон экен. Мындан соң ички иштер органдарында чогуу иштешкен кесиптештеринен маалымат алып турушкан. Мен алар алган маалыматтарды деле көрдүм. Анда айрым машинелердин номерлерин тактап, андан соң АКШнын элчилигине берип турушчу экен, - деди Бакыт Сеитов.

Жогорку Сот бул иш боюнча сот өкүмү купуя маалымат катары таанылганын кабарлады. Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мындай кылмыш иштин каралганы анык, бирок “купуя маалымат” катары гриф ыйгарылганы үчүн соттун өкүмү жарыяланбайт.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен бул окуя боюнча эч кандай комментарий берилбей турганын кабарлашты.

Буга чейин Кыргызстандагы “Дело №” гезити 19-сентябрдагы санында “Кыргызстандын ИИМинин офицерлери АКШнын элчилигине чалгынчылык кылган” деген макала жарыялаган. Анда Ички иштер министрлигинде мурда иштеп кеткен Бишкектеги АКШ элчилигинин Самат Шерипбеков жана Кумарбек Чалданбаев аттуу коопсуздук кызматкерлери менен ИИМдин учурдагы офицерлери Мирлан Тойчиев, Эмилбек Карачевди быйыл май айында Биринчи Май райондук соту Кылмыш кодексинин “Чет элдик уюмдар үчүн маалыматты топтоо жана жөнөтүү максатында кызмат абалынан аша чабуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы жазылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53