
Футбол федерациясы “Алай” клубуна кичи автобус белек кылды

22-сентябрда Кыргызстан чемпиондугунун алкагында Ош шаарынын “Алай” командасы өз үйүндө Кара-Балта шаарынын “Кара-Балта” командасын кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мелдештин тыныгуу учурунда КР Футбол федерациясы Оштун “Алай” футболдук клубуна кичи автобус белекке берди. Аталган федерациянын вице-президенти К. Маматов “Алай” командасына мындан ары чоң ийгиликтерди каалады.
“Алай” футболдук клубунун вице-президенти Сеит Аматов Федерациянын өкүлдөрүнө клубдун атынан ыраазычылык билдирди.
Беттеш 9:0 эсебинде “Алай” командасынын жеңиши менен аяктады.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20