KELECHEK
rek

Тажикстанда чоң эне небересин мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталууда

Тажикстанда чоң эне небересин мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталууда

Тажикстандын Жоми районунда тергөөчүлөр үч жашар баланын өлүмүн иликтөөдө. Шектүү катары наристенин 58 жаштагы чоң апасы Ходжарой Ашурова кармалды.

Сурак учурунда Бохтар шаарындагы тергөө абагында отурган аял кылмыш жасаганын монуна алган. Кылмыш кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголду.

Үч жашар Бехрузжондун атасы Гүлмурод Ашуровдун айтымында, трагедия 12-сентябрда болгон. “Ал учурда мен Орусияда иштеп жүргөм. Апам чалып, үч жашар уулум Бехрузжон Яван районунда сууга чөгүп кеткенин айтты. Анда ал мени алдап жатканын билген эмесмин. Мекениме келип, бир нече күн баламдын сөөгүн издедик. Анын денесин 18-сентябрда гана биздин үйдөн алыс эмес жерден таптык... Мен СИЗОго бардым, ошол бойдон апам менен сүйлөшкөн жокмун. Баламды жоготуу кандай оор экенин түшүнүп жатасынарбы?”, - деди Гүлмурод Ашуров.

Тажикстан ИИМинин маалыматы боюнча тергөө тобу чоң апа небересин тирүүлөй көмүп таштаганын аныктаган. Навобод айлынын башчысы Мусо Зохиров кылмыш болгон жердеги тергөө экспериментине катышкан. “Ходжарой Ашурова небересин кантип тирүүлөй көмүп таштаганын көрсөттү. Бала кыймылдап жатканын көрүп, өлтүргөнүн мойнуна алды. Биз шумдукту нерсени көрдүк – баланын денеси тытылып, бир колу жок экен, буттары өз-өзүнчө жатыптыр, ичи жарылып кетиптир”,- деди айыл башчысы.

Үч жашар баланы мыкаачылык менен өлтүрүүгө эмне себеп болгону аныктала элек. Ходжарой Ашурованын туугандарынын айтымында, ал келини менен өтө начар мамиледе болгон.

Киши өлтүрүү учурунда Ходжарой Ашурованын акыл-эси ордунда болгон-болбогону да белгисиз.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...