ЖАЛАЛ-АБАД: ТЫШКЫ ИНВЕСТИЦИЯ ОН ЭСЕДЕН АШТЫ
Жалал-Абад шаарына алып келинген тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы 9 ай ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 эседен ашып кетти. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаровдун берген маалыматына караганда, өткөн жылдын 9 айында тыштан алып келинген инвестициянын көлөмү 45,1 миллион сомду түзгөн болсо, быйылкы 9 айда анын көлөмү 459,2 миллион сомго жеткен. Ошентип, өсүү темпи 118,2 пайыз болду.
Жалал-Абад шаарына тартылган ички инвестициянын көлөмү да жылдагыдан көп. Өткөн жылдын 9 айында ички инвестициянын көлөмү 1 миллиард 111,6 миллион сомду түзсө, быйылкы 9 айда анын көлөмү 1 миллиард 189,4 миллион сомго жетти. Өткөн жылдагыдан 77,8 миллион сомго көп болуу менен өсүү темпи 107 пайыз болду.
- Шаарыбыз боюнча жалпы тартылган инвестициянын көлөмүнүн өсүү темпи быйылкы 9 айда 142,5 пайызды түздү. Себеби, өткөн жылдын 9 айында тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 1 миллиард 156,7 миллион сомго жеткен болсо, быйылкы 9 айда 1 миллиард 648,6 миллион сомду түздү. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу 491,9 миллион сомго көп тартылды, - дейт С. Умаров.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38