Өзбекстанда нандын баасы эки эсеге кымбаттады
Күн мурун Өзбекстанда нандын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салуу жоюлду. 15-сентябрдан баштап бир бөлкөнүн наркы эки эсе кымбаттап, 650 сумдан 1200 сумга (0,1 доллар) чейин жеткен.
Өзбекстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 15-сентябрдан тарта 1-сорттогу ундун килограммы 1400 сум деп бекитилген. Өлкөдө акыркы жолу нан 2014-жылы кымбаттап, 600 сумдан 650 сумга көтөрүлгөн.
Бийлик 1-октябрдан тарта аз камсыз үй-бүлөлөргө 2 доллардан компенсация төлөп бермей болду.
Мамлекеттик «Уздонмахсулот» корпорациясынын мурдагы төрагасы Алим Атаевдин айтымында, Өзбекстанда өстүрүлгөн буудайдан нан бышырууга болбойт. Технологиялык талаптар боюнча ага Казакстандын буудайын аралаштыруу керек. Болбосо адам саламаттыгы үчүн зыяндуу продукция чыгышы мүмкүн.
– Буга чейин камырга Казакстандан аткезчилик жол менен алынып келинген унду кошуп, бирок жергиликтүү фермерлердин өнүмү катары көрсөтүлүп келген. Мирзиёев бийликке келгенден бери Казакстандан ун ташып келүү кыйла жеңилдеди жана калп айтууга зарылчылык болбой калды. Нандын баасынын жоогорулашы – оор, бирок зарыл терапия. Бул эркин базар экономикасынын талабы болуп эсептелет, – деди Атаев.
«Тошкент-нон» ассоциациясы болсо нандын кымбаттоосуна газ, электр кубаты жана ачыткылардын баасынын жогорулашы түрткү болду деп эсептейт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38