БУУнун комитети Кыргызстанды аялдардын укугун коргоого үндөдү
Улуттар Уюмунун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети кыргыз бийлигин адам укуктарын бузуп, “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга” такай жол берип жатканын сындады.
18-сентябрда Женевада жарыяланган доклад комитеттин эки мүчөсүнүн купуя иликтөөсүнүн негизинде жазылган. Ошондой эле 14 укук коргоочу уюмдун кыргыз бийлиги ала качуунун курмандыгына айлангандарды коргоп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарта албай жатканы үчүн сындаган билдирүүлөрү анализденген.
Докладда жабырлануучулар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы белгиленет.
Докладдын авторлорунун бири Лия Надариа “Кыз ала качуу жана күчтөп үй-бүлө куруу улуттук салт катары кабылданбай, кылмыш деп каралып, ага күнөөлүүлөр өз курмандыктарын зордук-зомбулукка мажбурлаган кылмыш катары саналышы керек”, – деп белгилейт.
БУУнун комитети Кыргызстанды кыз ала качууга жана башка сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын алдын алууда, иликтөөдө жана кылмышкерлерди жазалоодо мыйзамдарын чындоого үндөйт.
Кыргызстан Женевадагы комитетке 2019-жылдын мартына чейин бул багытта аткарылган иштер боюнча билдирүүгө милдеттүү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









