Варшавада тажик делегациясы менен оппозиция өкүлдөрүнүн мушташы иликтенүүдө
Тажикстандын өкмөттүк делегациясы менен оппозиция тарапташтары. Варшава
Польша полициясы Варшавадагы Тажикстандын расмий делегациясы менен оппозиция мүчөлөрү ортосундагы мушташты иликтөөдө. 11-сентябрда ЕККУнун адам укуктары боюнча жыл сайын өтчү кеңешмесинин экинчи күнүндө тажик делегациясынын мүчөлөрүнүн бири оппозициячы Сулаймони Орзуну бетке уруп жиберген.
Тажикстандын Польшадагы элчиси Маликшо Неъматовдун билдиришинче, бул иш боюнча жергиликтүү полиция кылмыш ишин ачкан жок, бирок мушташтын бардык катышуучулары чакырылып, сурак беришти.
Окуя шейшемби күнү ЕККУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтүп жаткан мейманкананын короосунда болгон. Оппозиция делегациясынын мүчөсү Сулаймон Орзу Ислам кайра жаралуу партиясынын мурдагы активисти менен өкмөттүк делегациянын мүчөсү Аёмиддин Сатторовго «Саясий туткундарга эркиндик» деген хэштег жазылган кагазды берип, аны сүрөткө тартып алууга аракет кылган. Бул өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн бирине жакпай калып, ал оппозиция тарапташын бетке уруп жиберген.
Күбөлөрдүн айтымдарында, алардын ортосундагы кайым айтышуу бир нече мүнөткө созулуп, өкмөттүк делегация мүчөлөрү унаага отуруп кетип калышкан. Ошол маалда анын дөңгөлөгү оппозиция тарапташы Шухрати Рахматуллонун бутун тебелетип кеткен. Мушташ маалында жабыркаган Сулаймони Орзу, Вайсиддин Одинаев жана Шухрати Рахматулло эртеси полицияга арыз жазып, өкмөттүк делегация мүчөлөрүн жазалоону талап кылышкан.
Тажикстан Ислам таануу борборунун өкүлү Рустам Азизи оппозиция өкүлдөрү жаңжал чыгарууга аракет жасашканын айтты. “Оппозиция тарапташтары бир нече жолу элчинин унаасын ургулашты. Полиция өкүлдөрү келип, видеобайкоо камераларын текшеришти. Алар оппозиция мүчөлөрүн суракка алышты. Кечки жыйын учурунда ЕККУ өкүлдөрү өкмөттүк делегациядан бул окуя үчүн кечирим сурашты, - деди Рустам Азизи.
Тажикстандын Польшадагы элчиси Маликшо Неъматов бул алдын ала пландалган чагым болгонун билдирди. «ЕККУ жетекчилиги жыйынга Тажикстанда террордук деп табылган партиянын өкүлдөрүн чакырбаш керек болчу», — деди элчи. Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы сентябрда Тажикстандын Жогорку соту тарабынан террордук деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган.
Тажик элчиси Польша полициясы «оппозиция тарапташтарынын элчилик унаасын уруп, дипломаттарды коркуткан башка аракеттерине дагы юридикалык баа берет» деген үмүтүн билдирди.
Ал ортодо ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун басма сөз катчысы Томас Раймер бул окуяны ал жетектеген уюм дагы иликтей турганын билдирди. «22 жылдын ичинде ЕККУнун Варшавадагы жыйындарында мындай мушташтар далай жолу болгон. Бизде алакан жаюудан башка айлабыз жок. Бул жыйын мушташ үчүн эмес, диалог үчүн аянтча», — деди ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









