ИИМ: Бала сатуу фактысынын артында атайын топтор болушу мүмкүн
Бишкекте бала сатууга шектүү катары кармалгандардын баарында өздөрүнүн документтери жана атайын мөөрлөрү болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.
Анын айтымында, алар документ жасап жүргөн. Азыр кылмышка шектүү үч киши камакка алынды. Козголгон кылмыш иштин артынан көп факты ачыкка чыгышы ыктымал:
- Булардын аркасында абдан көп киши катталган. Бирөө Чүй облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн. Булардын баарында өздөрүнүн документи болгон, жасап жүргөн, атайын мөөрлөрү болгон. Суранычтар менен кээ бирөөнөн акча-тыйын алгандары бар, айрымдары жакын туугандарга ортомчу болуп балдарга документтерди даярдап берген. Ошол себептүү азыр үчөө №1 тергөө абагына камалды. Андан сырткары ушуга тиешелүү бир катар шектүү дарыгер кызматкерлер бар. Алардын үстүнөн дагы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз. Атайын топ иштеп жатат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында мунун артынан дагы көп нерселер такталышы керек. Ошонун алкагында мындан да көп фактылар чыгышы мүмкүн болуп жатат. Менин тууганым эле деп кол койдуруп кеткен учурлар да болуп жатат. Мындан сырткары да топтор чыгышы мүмкүн, - деди Сеитов.
Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалган. Окуя кайсы медициналык мекемеде болгону жана канча дарыгер кармалганы тууралуу милиция азырынча маалымат бере элек. Бирок шектүү дарыгерлер №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштегени «Азаттыкка» маалым болду.
Кыргызстанда ымыркайды соодалагандар Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен жазага тартылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









