KELECHEK
rek

Масалиев «Таблиги жамаатты» экстремисттик уюмдардын катарына кошууну сунуштады

Масалиев «Таблиги жамаатты» экстремисттик уюмдардын катарына кошууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев

Жогорку Кеңеште 12-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Талкуу учурунда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, "Таблиги жамаат" уюмун "экстремисттик" деп табуу керек деген пикирин айтты.

- Бул конвенцияга кошулган мамлекеттердин бир тобунда "Таблиги жамаат" мыйзамдан чыгарылган, туурабы? Мыйзамдан чыгарып, "мыйзамсыз" деп табышыбыз керек да. Конвенцияда бир принципте кетип баратабыз деп жазылып турбайбы. Аны окудуңарбы? Конвенцияга кошулгандан кийин биз өзүбүзгө бир топ милдеттерди алып атабыз.

УКМК төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков парламент сессиясы учурунда "Таблиги жамааттан" азыр Кыргызстанга коркунуч жок деп билдирди.

Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы 2017-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кабыл алынган. ​Кыргызстан террорчулук жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык үч конвенцияга мүчө.

"Таблиги жамаат" уюмуна Казакстан, Өзбекстан жана Орусияда тыюу салынган. Бирок Кыргызстанда ага тыюу салынган эмес.

Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизилген “Йакын инкар” уюму "Таблиги жамааттан" бөлүнүп чыкканы белгилүү.​

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53