Казакстан Сирия менен Ирактагы жарандарын кайтарууга аракет кылууда
Казак бийлигинде Сирия менен Иракта жүргөн өлкө жарандары тууралуу маалыматтар бар жана учурда аларды мекенине кайтаруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Мухтар Тлеуберди журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Азыр Сирия менен Иракта жүргөн жарандарыбыздын же алардын балдарынын кайсыл жерлерде экенин так аныктоо иштери жүрүп жатат. Аларды мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө» — деди ал.
Министрдин орун басарынын айтымында, издөө иштери менен Казакстандын Иорданиядагы элчилиги жана Ливандагы башкы консулдуктун өкүлдөрү алектенип жатышат. Ал учурда канча казакстандык табылганын тактап айткан жок.
«Сирия менен Ирактын бийликтери террордук ишмердүүлүккө тиешеси барбы-жокпу деп биздин жарандардын көбүн атайын текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Алар күнөөлүү эмес деп аныкталса казак тарапка өткөрүп беришет. Көбүнүн балдары дагы бар», — деди Тлеуберди. Ал кошумчалагандай, мындай балдарды Казакстанга алып келүү үчүн алардын ата-энелеринин макулдугу керек. Ошол эле маалда ата-энелери «атайын текшерүүлөр» аяктаганга чейин ал жерлерде калышы зарыл.
Казакстан бийлигинин маалыматына караганда, акыркы бир нече жыл ичинде Сирия менен Иракка жүздөгөн казак жараны кеткен. Учурда алардын саны 800гө жакын жана көбүн балдар түзөт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









