Сагынбаев: Түркия 130 кишиден турган "гүленжилердин" тизмесин берген эмес
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Анкара Кыргызстандын бийлигине "гүленчилердин" 130 кишиден турган тизмесин бергени жана аларды өткөрүп берүүнү талап кылганы тууралуу түрк медиасында чыккан кабарга комментарий берди.
Сагынбаев 130 кишиден турган тизме кимдир бирөө тарабынан ойлонуп табылган жана өлкө ичинде резонанс жаратуу үчүн таркатылган маалымат экенин айтты. “Дагы бир жолу белгилей кетейин, 130 кишинин тизмесин же башка бир тизмени түрк тарап кыргыз тарапка берген жок”, -деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Мындан тышкары ал “Сапат” билим берүү жайларынын имараттарын “Маариф” фондуна өткөрүп берүү маселеси да каралбаганын белгиледи. Ал “Сапат” өз алдынча формада иш алып барып, балдарды окутууну улантарын кошумчалады.
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапарында Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин кыргыз бийлигине бергени тууралуу түркиялык "Хүрриет" басылмасы жазып чыккан. Андагы маалыматка ылайык, аталган тизмеде Гүлен кыймылынын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрү, Борбор Азия боюнча имамы бар.
Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу элчи Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мындай сүйлөшүү болбогонун айткан. 11-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









