Трамп Сирия, Орусия жана Иранды "гуманитардык катачылыкка" жол бербөөгө чакырды
АКШ президенти Дональд Трамп Сирия, Орусия жана Иранга Идлиб провинциясына чабуул жасалса – “олуттуу гуманитардык катачылык” болорун эскертти.
Трамп Твиттерге "Президент Башар Асад Идлиб провинциясына ойлонбостон чабуул жасабашы керек. Орустар менен ирандар потенциалдуу адамзат трагедиясына катышса, чоң гуманитардык ката кетиришет. Жүз миңдеген киши өлүшү мүмкүн. Буга жол бербегиле!" — деп жазды.
ММКлардын маалыматы боюнча Москва менен Дамаск сириялык куралдуу оппозициянын акыркы таянычы болгон Идлибге ири чабуул жасоого даярданууда. Бул провинцияда үч миллиондой киши жашайт.
АКШ сирия армиясы химиялык курал колдонушу мүмкүн деп шектенип, президент Башар Асадды кезектеги аскер чабуулдары менен опузалады. Бул арада Орусия Коргоо министрлиги Пентагон Асадга каршы “кутум” уюштурууда деп бир нече жолу билдирди. Соңку күндөрү Орусия Сириянын жээктерине жыйырмадай аскер кемесин жайгаштырды жана Жер Ортолук деңизде машыгууларды өткөргөнү жатат.
Идлибге чабуул жасоо операциясына Иран дагы катышарын билдирди.
БУУ Орусия, Иран жана Түркияны Идлиб провинциясына жасала турган операциянын алдын алууга үндөдү. Уюм чабуул учурунда жаатташкан эки тарап тең хлор түрүндөгү химиялык курал колдонушу ыктымал деп кооптонууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52