KELECHEK
rek

Казакстанда ата-энелер жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилишин талап кылууда

Казакстанда ата-энелер жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилишин талап кылууда

Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолукчан кыздар үч күндөн бери сабакка киргизилбей жатат. 5-сентябрда алар ата-энелери менен бирге окуу жайдын алдына чогулушуп, мектепке киргизүүнү талап кылышууда .

3-сентябрда Фирдаусидеги орто мектепке жоолук салынып келген кыздар сабакка киргизилген эмес. Ондой кызды полиция кызматкерлери жана мектеп жетекчилиги киргизбей жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган.

Түркстан облустук билим берүү башкармалыгы да жоолук салынган кыздар мектепке киргизилбей жатканын ырастап, муну "мыйзам баарына бирдей" деген талап менен түшүндүргөн.

4-сентябрда орто мектепке 30 чакты ата-эне чогулуп, жоолукчан кыздардын мектепке киргизилбегенине нааразылык билдиришкен. Ата-энелер башталгыч класстын окуучулары жоолуктарын чечсе боло турганын, бирок жогорку класстагылар үчүн бул мүмкүн эмес экенин билдиришкен. Нааразы болгон ата-энелерге мектеп имаратынан эч ким чыккан эмес.

Түркстан облусунун Мактаарал районунун акими 4-августта бул айылга келип, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Мектептеги абалды изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Фирдауси айылындагы хижаб кийген кыздар маселеси былтыр да көтөрүлгөн. Чимкенттен 300 чакырымдай ыраакта жайгашкан бул айылда негизинен тажик улутундагылар жашайт жана мектеп да тажик тилинде. Жергиликтүүлөр окуучулар жоолукту "улуттук каада-салттан улам салынат" деп айтышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30