"Кумтөр" келишимдеринин мыйзамдуулугу текшерилет
"Кумтөр" долбоору боюнча жаңы жагдайлардын пайда болушуна байланыштуу 2003-2004-жылдары жана 2009-жылы түзүлгөн келишимдердин мыйзамдуулугу кайрадан каралып чыгышы керек. Мындай тапшырма Башкы прокуратурага берилгенин мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, жогоруда аталган келишимдердин мыйзамдуулугу кенди иштетүүдөгү коррупция жана башка мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш иштердин чегинде кайра каралып чыгышы керек деп буйруду.
"Тагыраак айтканда, жаңы жагдайлардын чыгышы менен "Кумтөр" долбоорун 2003-2004-жылдары реструктуризациялоо маселесине карата таптакыр башка көз караш пайда болууда. Ошол кезде келишимдер кол коюлган учурда кыргыз тараптын Centerra Gold компаниясындагы үлүшү калыптанып жаткан, ал эми элде бул үлүш жасалма түрдө ылдыйлатылган деген пикир жаралган"? - деп айтылат президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев аталган кылмыш иштер өзгөчө маанилүү болгондуктан иликтөөнүн объективдүүлүгүн гана камсыз кылбастан, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу коомчулукту кабардар кылып туруу керектигин айтты.
"Бийликти күч менен басып алууга камынган" деген берене менен козголгон кылмыш иштеги “Кумтөргө” байланыштуу жаңы жагдай пайда болгонун, анын негизинде коомдук ишмер Дастан Сарыгулов камакка алынганын кечээ УКМК кабарлаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53