KELECHEK
rek

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ЭКИ АЙЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ЭКИ АЙЛЫГЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн эки айлыгы жүрүп жатат. Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу менен 23-июлдан 23-сентябрга чейин мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын коомдук маанисин жана иштиктүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле кыргыз улуттук мурас-дөөлөттөрүн калкка жайылтуу максатында эки айлык жарыяланып, анын жобосу бекитилген. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Бул эки айлыктын алкагында шаар ишканаларынын, аймактык башкаруулардын жана окуу жайларынын арасында “Мамлекеттик тилдин мыктысы”, “Ыр – достукка көпүрө”, кароо-сынактары өтөт. Ошондой эле мекеме-ишканаларда мамлекеттик тилди колдонуунун деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик тилде кагаз иштерин жүргүзүү багытында “Мыкты мекеме”, ишканалардагы тилди жайылтуу багытындагы “Мыкты тил бөлмөсү”, атуулдар арасындагы бул багыттагы активдүүлүктү көтөрүү үчүн “Мамлекеттик тилдин мыкты адиси” номинациялар боюнча сынактар өткөрүлөт. Ар бир сынак боюнча жоболор буйрук менен бекитилген.

Андан тышкары, “Ыр – достукка көпүрө” кароо-сынагына “Кыргызтелеком” акционердик коомунун, банк тармагынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышышып, мында негизинен мамлекеттик тилди даңазалоо, сүйлөө маданиятын өнүктүрүү, улуттар аралык достукту чыңдоо менен мекенчилдик сезимин калыптандыруу багытында күч сынашышат. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар каралган.

Азыркы тапта коомдук жайлардагы илинген көрнөк-жарнактардын, ар кайсы маанидеги жазуулардын тил мыйзамдарына, эрежелерине туура келүүсү боюнча шаар мэриясы демилгелеген рейддер жүрүп, мамлекеттик тилдин талаптары коомчулукка түшүндүрүлүүдө.   

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13