Интимдик видеосу Интернетке чыккан молдо милицияны күнөөлөдү
Өзбекстанда интимдик байланышы тартылган видео Интернетке жайгаштырылганы үчүн 61 жаштагы молдо Абдухамид Атажанов милиция кызматкерлерин күнөөлөдү. Ал муну жеке жашоого кийлигишүү деп эсептейт.
Жылаңач молдонун жаш келин менен бөлмөдө чогуу отурган видеосу социалдык түйүндөрдө өткөн аптада тараган. Видеожазууда бөлмөгө күтүүсүздөн кирип келген милиция кызматкерлери камера алдында улгайган молдону суракка алып башташкан. Молдо болсо милицияны жеке жашоого кийлигишүүгө айыптаган.
Хорезмдик молдо Абдухамид Атажанов видео 6 жыл мурун тартылганын билдирди. Ал аялы жок экенин, жаш келин менен интимдик байланышка барганыны үчүн сурак берүүгө милдеттүү эмес экенин айтты.
"Жакында милиция кызматкерлери келишип, аларга эч кандай дооматым жок экени тууралуу арыз жазып берүүмдү сурашты. Бирок менде көп суроо бар. Менин үйүмө келгенде алар Ургенч шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери экенин тастыктаган документтерин көрсөтүшкөн. Эми мен ал видеону тараткан кызматкерлерди жазалоону талап кылам. Улгайган кишинин үйүнө жулунуп киргенче, кылмышкерлерди кармашса болмок. Милиционерлердин аракетинен улам мен өз жанымды кыйып коё жаздадым. Алгач мен бардык инстанцияга кайрылам, андан кийин милиция менин өлүмүм үчүн жооп берсин, – деди Абдухамид Атажанов.
Ургенч шаарынын айрым жашоочулары молдо Абдухамид Атажанов Хорезм облусу боюнча төрөбөгөн аялдарга дуба окуган белгилүү табып болгонун билдиришти. Бирок андан жардам сурап кайрылган айрым келиндер сексуалдык асылууга кабылганы айтылууда. Молдо болсо алты жыл мурун укук коргоо кызматкерлери үйүндө текшерүү жүргүзгөндөн кийин “дарылоо” ишин токтотконун белгиледи.
Абдухамид Атажанов киши дарылоо боюнча лицензиясы жок иштеп жүргөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









