Атамбаев: күч менен террорчулук көйгөйүн чечүү мүмкүн эмес
Бир гана күч менен экстремизм жана терроризм маселелерин чечүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда айтты.
«Заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүү шартында террордук жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөш жаатындагы эл аралык кызматташтык" деген темада өтүп жаткан конференцияны Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин Антитеррордук борбору уюштурду.
Өлкө башчынын пикиринде, Кыргызстан туруктуу светтик өнүгүү максатында калк менен иштөө жана диний лидерлер менен жакшы кызматташуу жагынан башкаларга үлгү боло алат. Атамбаев диний жактан туура билим берүү аракети көрүлүп жатканын, ошону менен катар улуттук каада-салт менен маданиятты колдоо керек экенин белгиледи.
Өлкөдөгү диний кырдаал маселеси былтыр Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланып, концепция кабыл алынган. Соңку маалыматка караганда, учурда 500гө жакын кыргызстандык Сириядагы согушка катышууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12