KELECHEK
rek

НАТО: "Чыгыш-2018" машыгуусу – бул ири масштабдагы жаңжалга даярдык

НАТО:

Түндүк-Атлантикалык альянс  Орусиянын “Чыгыш-2018” аскердик машыгуусун ири масштабдагы жаңжалга даярдануу деп эсептейт.

НАТОнун расмий өкүлү Дилан Уайт "Настоящее время" телеканалына берген маегинде алдыдагы манёвр коргонуу бюджетин арттырган Орусиянын чабуул дараметин, ошондой эле Балтика, Кара жана Жер ортолук деңизде аскерлерин жайгаштырууга болгон умтулуусун чагылдырарын айтты.

"Ар бир өлкө куралдуу күчтөрүн машыктырууга укугу бар. Бирок бул машыгуулардын ачык-айкын болушу маанилүү”,-деди Дилан Уайт.

Быйыл майда өткөн НАТО-Орусия Кеңешинин жыйынында аскер машыгуулар тууралуу маалыматтар айтылган. Орусия “Чыгыш-2018” арымы боюнча “Чыгыш-2014” машыгуусунан ашып түшөрүн билдирген.

Орусия машыгууга байкоочуларды чакырууга милдеттүү эмес. НАТОго мүчө өнөктөш өлкөлөрдүн Москвадагы аскер атташеси иш-чарага чакыруу алды.

НАТО кадимки режимде орусиялык аскер машыгууларына мониторинг жүргүзөт.

Орусия коргоо министри Сергей Шойгу машыгуу Борбордук жана Чыгыш аскер округдарынын бардык полигондорунда уюштурулаарын билдирди. Иш-чарага 300 миңдей жоокер, аба-десант күчтөрү, миңден көп учактар жана тик учактар, эки флот тартылмакчы.

Шойгу бул жолку маневрларды 1981-жылы СССР менен Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн катышуусунда болгон машыгуу менен салыштырды. Польшанын чек арасына жакын өткөрүлгөн машыгууну Батыш Советтер Союзунун ири чабуул операциясына даярдыгы катары баалаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52