Тажик мигранты 11 жаштагы кызды кабанак иттен сактап калды
Орусияда беш жылдан бери курулушта иштеген тажик мигранты Дилшод Тохиров 11 жаштагы кызды өлүмдөн сактап калды
22-август күнү кечинде Истра районундагы котедждердин биринде эки секелек кызга чоң ит кол салган. Коңшу үйдө иштеп жаткан 41 жаштагы мигрант Дилшод жана анын жердештери колдоруна күрөк алып кыздарды куткарууга келишкен. Бул учурда ротвейлер ити 11 жаштагы Настянын моюнуна асылып, коё бербей жаткан.
«Ит кызды жерге жыгып, мойнун тиштеп жатканын көрдүк. 2-3 мүнөт кеч келсек, куткарууга мүмкүн болбой калмак. Күрөк менен чапкылап атып итти кыздан алыстаттык. Ошол эле жерден ага биринчи жардам көрсөтүүгө кириштик», - деди Дилшод.
Мигрант куткаруучулар кызга колунан келген жардамын беришкен: бири кан агууну токтоткон, экинчиси мойнуна бинт орогон, үчүнчүсү тамырын кармаган. Дилшод өзү Настянын чоң апасына кабар берген. Мигранттар “тез жардам” чакырышкан.
«Биз Дилшодго ыраазыбыз. Эгер ал болбосо...Операция үч саатка созулду, анан анестезиолог чыгып, бүгүн Настянын экинчи туулган күнү экенин айтты. Бираз болгондо иттин курч тиштери уйку артериясына жетип, кеч болуп калмак экен. Неберем операциядан кийин эсине келип: “Чоң апа, мени периштелер сактап калдыбы?” деп сурады. Борбор Азия жашоочулары балдарды жана ата-энелерди өтө сыйлашат. Дилшод бир секунд дагы ойлонбой балага жардам берүүгө ашыкты», - деди кыздын чоң апасы Ольга Александровна.
Дилшод Тохиров – алты баланын атасы, үй-бүлөсү Тажикстанда жашайт. Учурда ал бул окуяны иликтөөдө полицияга жардам берүүдө. Кылмыш иши козголду, ротвейлердин кожоюну жоопкерчиликке тартылат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13