Тажикстан талибдердин позициясына абадан сокку урганы кабарланууда
Ооганстандагы Даргад уездинде талибдерге чабуул жасалды. Алты жоочу өлтүрүлдү, тогузу жаракат алды. Бул тууралуу 27-августта ооган ММКлары жазды.
Тажик тарап азырынча бул маалыматты тастыктай элек.
Тахар полициясынын маалымат катчысы Халил Асир тажик тарап 27-август күнү эртең менен талибдердин позициясына «Кухнахона» массивинде абадан чабуул жасаганын билдирди. Анын маалыматы боюнча чабуулда сегиз жоочу мерт болуп, алтоо жаракат алган. “Бул токойдо талибдер маңзат аткезчилери менен бирге өз лагерин түзүшкөн. Ал жакта карапайым тургундар жок. Тик учак менен аткылоо учурунда өлгөн талибдердин саны тууралуу кабарды 27-августта алдык”, - деди ал.
“Талибан” кыймылынын маалымат катчысы Забеулла Муджахид Даркад уезддинде маңзат аткезчилери менен тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылышуу болгонун тастыктады. Ал Талибан жоочуларына коңшулаш мамлекеттердин аймагында чабуул жасаганга уруксат берилбегенин кошумчалады.
Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну 26-августта "Нива" автоунаасы менен бараткан жеринен ооган тараптан ок атууга дуушар болгон. Жоочулар аларды миномет жана Калашников пулемету менен аткылашкан. Экөө мерт болуп, бирөө жаракат алган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









