Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдардын чыгармачылык борбору Анталияга Фестивалга барышты
Анталия шаарында өткөн жаштардын Эл аралык фестивалына Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунан 4 кыз барып, катышып келишти. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Жыпара Аманкулова билдирди.
Анын айтымында, фестивалга биздин балдар кыргыздын улуттук үч бийи менен барышты. Алар “Темир комуз”, “Кыз кербез” жана “Кара жорго” бийлерин тартуулашты. Фестивалга жалпысынан 7 мамлекеттен барышты.
- Аталган фестивалга Азия мамлекеттеринин арасынан биздин топ гана катышты. Бизге таасир калтырган нерсе, элдик каада-салттарды чагылдырган бийлер да болду. Маселен, орок кармап бийлешти. Бизде деле 10 жыл мурда “Пахтачы” деген бий бар эле. Биз ойлоп калдык, кийинки жылы ошол бийди даярдап барабыз. Фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү биринчи, экинчи, үчүнчү орун деп бөлгөн жок. Аларда орундарды бөлүштүрүп койсок, балдар достошпой эле карама-каршы болуп калышат деген түшүнүк бар экен. Ошондуктан, фестивалдын катышуучуларынын баарына эле окшош сертификаттарды, белектерди тапшырышты. Анталияга Жалал-Абад шаарынын мэри баш болгон бир топ жетекчилердин колдоосу менен барып келдик, - дейт Ж. Аманкулова.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт
Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...
МАДАНИЯТ 2016-05-06 17:34
Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...
МАДАНИЯТ 2016-05-07 15:33
"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...
Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...
МАДАНИЯТ 2016-05-13 05:41
Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты
Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...
МАДАНИЯТ 2016-05-16 19:07
Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду
69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 16:13
Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...
Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...
МАДАНИЯТ 2016-05-23 18:32
Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...
МАДАНИЯТ 2016-05-24 23:29