Президент Сооронбай Жээнбеков: Алтай цивилизациясы эл аралык достук көпүрөсү боло алат
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясынын ачылыш аземине катышты.
Конференциянын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы аларга «кыргыз жергесине кош келиңиздер» деп жылуу саламдашты.
"Бүгүнкү конференциянын ишине Батыш менен Чыгыштын көрүнүктүү жана абройлуу окумуштары катышып отурасыздар. Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрдүн эл аралык туруктуу конференциясы дүйнөнүн булуң-бурчунан илимпоздорду чогулткан эл аралык аянтча болуп эсептелет. Бул конференция алтымыш жыл мурда, 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануучулар конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери алтай таануучулардын эл аралык конференциясы жыл сайын өткөрүлүп келет. Мындай туруктуулук Алтай мурасы, тарыхы менен маданиятына кызыгуунун жогору экенин билдирет", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал конференциянын эл аралык масштабдагы институтка айланышы ушул чөйрөдөгү илим изилдөөчүлөрдүн натыйжалуу эмгеги менен бекем байланыштуу экенин белгиледи.
Бул долбоорду 2007-жылдан бери жетектеп келе жаткан Берлин университетинин түрк таануу институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкелеге рахмат айтып, эл аралык конференцияны 2018-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү демилгесин колдогондугу үчүн Барбара айымга жана конференциянын өткөн жылкы төрагасы венгриялык профессор Акош Апотоцкиге ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле конференцияга катышып жаткан белгилүү Алтай таануучу илимпоздорго да ыразычылык айтты.
.jpg)
"Жыл сайын өтүп туруучу эл аралык конференция илимпоздор үчүн Алтай цивилизациясына таандык элдердин мурасы, тили жана маданияты жөнүндө илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулап, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ. «Улуу Манас бабабыздын Алтайда төрөлүшү эле кыргыз баласынын жүрөгүндө Алтай тууралуу өзгөчө ыйык, өзүнө тарткан, тереӊ сезимдерди жаратат", — деп айтты Президент.
Ал археологиялык, этнографиялык, фольклордук жана жазма булактар боюнча Алтайдан тараган, азыр Жер ортолук деӊизден тартып, Тынч океанга чейинки кеӊ мейкиндикти жердеп турган элдин көпчүлүгү тектеш экенин, алар сыяктуу эле кыргыздар да Алтай жергесин өздөрүнүн түпкү мекени деп эсептегенин белгиледи.
"Бул конференция биздин илимпоздор үчүн эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу, абройлуу окумуштуулар менен баарлашуусуна жагымдуу шарт түзөт. Биздин изилдөөчүлөрүбүз мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланышат. Өткөн жылы Кыргыз Республикасында өткөн «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин Форуму» ушул эл аралык абройлуу конференциянын максаттарына үндөш болду. Быйылкы эл аралык конференциянын Кыргызстанда болуп жатканы бизди абдан кубандырат", — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Президент ушул тапта эл аралык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленип жатканын сыймыктануу менен белгиледи. Чыӊгыз Айтматовду өз элинин тарыхый тек жайы, ата-бабасынын мекени болгон Алтай абдан кызыктырган. Ал кыргыз элинин Алтайдагы жашоо доору жөнүндө көп тарыхый маалыматтарды иликтеп, аларды көркөмдүк жактан кайра иштеп чыккан.
"Этностор белгилүү бир тарыхый-географиялык аймакта калыптанат. Ошол аймактын ландшафты, жаратылыш-климаттык шарттары, экологиясы элдин турмуш-тиричилигине, каада-салттарына, дүйнө таанымына жана руханий маданиятына өз таасирин тийгизет. Азыркы мезгилде дүйнөдө технологиялык өзгөрүү процесстери абдан ыкчам темпте жүрүп жаткан учур. Адамзат табият менен байланышты, каада-салттарды жоготуу коркунучуна туш келди, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Ааламдашуунун жаңы чакырыктарына туш болуп, тарыхый эстутумду жоготуу, иденттүүлүктүн кризиси, маданий көп түрдүүлүктүн кескин кыскарышы сыяктуу маселелер Айтматовдун чыгармаларында курч коюлган. Алтай таануу ишинин алкагында элдин каада-салтына, жашоо образына — ал элдин табият менен болгон мамилесине, карым-катышына тереӊ көӊүл бурулуп жатканы кубандырат".

Мамлекет башчысы Алтай цивилизациясы менен байланышы бар элдер үчүн гана эмес, башка элдер үчүн да өтө маанилүү болгон конференциянын максаттарын белгиледи.
"Алтай цивилизациясынын байыркы тарыхын, каада-салттарын, бай маданиятын изилдөө — мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдеп, элдердин ортосунда тынчтыктын көпүрөсү болот. Тил жана маданий мурастарыбыздын жалпылыгына таянып, биз аны Алтай тектеш элдеринин жаӊы өнүгүү ресурсуна айландырышыбыз керек. Эл аралык Алтай конференциясынын 61-сессиясы кыргыз жеринде, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жатат. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде көп континенттердин спорт, маданият жана илим өкүлдөрүн чогултуп жатабыз. Спортту гумандаштырууга, табиятка туура мамиле жасоого багытталган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиӊиздер", — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент Алтай цивилизациясынын тарыхына кайрылып, Памир-Алай, Тянь-Шань тоолорунан Саян-Алтай, Энесайга чейинки аралыктын табияты дээрлик окшош. Бийик тоолор, тоо этектериндеги токойлор, талаалар, дарыялар. Ушул аймакта көптөгөн элдердин улут болуп калыптануу процесси жүрүп, азыркы күнгө чейин ошол кездердеги маданияттын издери сакталып калган, деп белгиледи.

Көөнөрбөс көчмөндөр цивилизациясы изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырган керемет дүйнө бойдон калууда. Тарыхта белгилүү болгон элдердин Улуу көчү дал ушул Алтай цивилизациясы менен байланыштуу. Маданияттар жуурулушуп тилдик, антропологиялык жана расалык өзгөрүүлөр жаралган. Гунндар, Түрктөр, Кыргыздар, Монголдор, Мамлюктар, Тимурийлер, Осмонийлер, Австро-Венгерлер сыяктуу империялардын жаралышына түрткү болду.
"Бул жөнүндө тарыхый эстеликтер бар. Ошол улуу тарыхтын мураскерлери үчүн бул булактар өтө баалуу. Мисалы, Орхон-энесай жазуулары, анын ичинде Барсбек каган тууралуу жазма эстеликтер, ошондой эле Кыргыздын Улуу дөөлөтү жөнүндө маалыматтарды баса белгилесек болот. Биз Алтай мурасын терең изилдеп, элди эл кылган баалуулуктарды, көркөм дөөлөттөрдү кийинки муундарга жеткирүүгө жана маданиятты да байытууга милдеттүүбүз", — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Ал конференция алдына койгон максаттарына жетет деген терең ишенимин билдирди.
"Илим чөйрөсүндө Алтай цивилизациясы, Алтай тектүү элдер деген түшүнүктөрдүн айланасында талаш-тартыш маселелер жашап келет. Сиздер ошол маселелерди терең изилдеп, белгилүү тыянактарды чыгарасыздар деп ойлойм", — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана конференциянын катышуучуларына, конокторго жана элге тынчтык, бакубаттык, илим жаатында жаңы ачылыштарды жана ийгиликтерди каалады.
http://www.president.kg/
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









