Алишер Усманов «Пахтакор» футбол клубуна 100 млн доллар бөлүп берүүгө даяр
Алишер Усманов.
Өзбек тектүү орусиялык ишкер Алишер Усманов Ташкенттин «Пахтакор» футболдук клубуна ири суммада акчалай жардам берет. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.
Усмановдун өкүлдөрү ишкер Өзбекстандын күчтүү клубдарынын бири эсептелген «Пахтакорго» 100 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр экенин билдиришти. «Бирок ошол эле маалда мында клубду сатып алуу жөнүндө сөз жок», – деп түшүндүрүштү орусиялык ишкердин өкүлдөрү.
Жакында эле «Өзбекстан 24» телеканалы орусиялык ишкер Алишер Усмановго арналган фильм көрсөткөн. Анда анын «Пахтакор» футбол клубуна жакшы колдоо көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө дагы айтылган.
«Пахтакор» – СССР чемпионатына катышкан Өзбекстандын жалгыз командасы. 1991-жылдан бери клуб 11 жолу өлкөсүнүн чемпиону болгон.
«Анын футболго үмүт бергендиги баа жеткис нерсе. Акыркы бир жарым жыл ичинде «Пахтакордо» өтө көп нерсе өзгөрдү. Быйыл клуб бардыгыбызды сүйүнтүп жатат – Алишер Бурхановичтин аркасы менен бардыгы өзгөрүүдө: менеджмент, машыктыруучулар, философия. Азыр бизде баары бар», – деп билдирди «Пахтакордун» башкы машыктыруучусу Шота Арвеладзе.
Быйыл августтун башында Алишер Усманов англиялык «Арсенал» клубундагы 30% үлүшүн сатууга макулдугун бергендиги белгилүү болгон. Аны буга чейин клубда 67% үлүшү бар америкалык магнат Стэн Кронке сатып алат.
Forbes байлыгын $12,5 млрд деп баалаган Усманов Орусиянын эң бай ишкерлеринин тизмесинде 10-орунга жайгашкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20