KELECHEK
rek

Каракалпакстанда кара мал белгисиз оорудан улам кырылууда

Каракалпакстанда кара мал белгисиз оорудан улам кырылууда

Каракалпакстан фермерлери жана ветеринарлары кара малдын жапырт кырылып жатканына кабатыр болушууда. Алардын ырасташынча, мал май айында кум аралаш туздуу бороон Каракалпакстан жана Хорезм облусунун айрым аймактарын каптагандан кийин башталган белгисиз оорудан улам өлүп жатат.

Бирок айрым жергиликтүү ветеринарлар ири мүйүздүү мал коңшулаш Түркмөнстандан келген “нодуляр дерматит” вирусунан улам кырылып жатат деп эсептешет.

Каракалпакстандын Кунград районунун 68 жаштагы жашоочусу Сапар Мадетов мындай оору тууралуу мурда укпаганын билдирди. "Теринин алдын бүдүр басып кетет. Андан соң мал ичпей, жебей, жыгылып анан өлүп калып жатат. Бизде бул ооруга каршы вакцина жок. Биздин айылда малдын 70-80 пайызы ушул дартка чалдыкты. Ветеринардык дарыканаларда дары калган жок," – деди ал.

Кара малдын белгисиз дартка чалдыкканын уккан жергиликтүү калк уй этин сатып албай калды.

Чимбай районунун ветеринардык кызматынын башчысы Сагинбай Раимов Каракалпакстанда мал ооруга чалдыкканын тастыктап, бирок өлүм анча көп эмес экенин билдирди.

"Бул оору нодуляр дерматити деп аталат. Малдын оозунда жана денесинде шишик пайда болот. Эгер бүдүр теринин алдына чыкса, оору катуу өтөт. Эгер бүдүр теринин үстүнө чыкса, бара-бара ал жарылып, мал айыгып кетет. Болжол менен 4-5 мал өлдү, аларды ошол замат көмдүк", – деди Чимбай районунун башкы ветеринары.

Ал ири мүйүздүү малдын нодуляр дерматити киши үчүн коркунучтуу эмес экенин белгиледи. Вирус малдан малга курт-кумурска, канталалар аркылуу жугат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...