KELECHEK
rek

АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары 27-августта күчүнө кирет

АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары 27-августта күчүнө кирет

Британиянын Солсбери шаарында мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга каршы киргизген санкцияларынын биринчи топтому 27-августта, Федералдык реестердин сайтына расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу ТАСС жана РИА Новости агенттиктери Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө шилтеме кылып жазышты.

Буга чейин чектөөлөр 22-августта күчүнө кире тургандыгы кабарланган.

«Химиялык жана биологиялык куралдарды көзөмөлдөө тууралуу мыйзам менен белгиленген эскертүү мөөнөтү 22-августта аяктап, санкцияны күчүнө киргизе турган билдирүү Федералдык реестрге берилди. Анын 27-августта жарыяланышы күтүлүүдө»,— деп билдирген америкалык тышка саясат мекемесинин өкүлү.

Мамлекеттик департамент тарабынан 8-августта жарыяланган санкциялар улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бар товарларды жана технологияларды, электроника, авиация жана мунай-газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды АКШдан Орусияга экспорттоого тыюу салат.

Москва химиялык жана биологиялык курал колдонбой тургандыгына кепилдик бербесе, бир нече айдан кийин санкциялардын экинчи топтомун киргизүү пландалууда. Анда башка чектөөлөр менен катар эле «Аэрофлот» компаниясынын АКШга учуусуна тыюу салуу жана өз ара соода көлөмүн болушунча кыскартуу каралган.

Вашингтон Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизе тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар чыккандан кийин орус рублдинин куну кескин төмөндөп кетти.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52