KELECHEK
rek

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн онлайн аукцион үзгүлтүккө учурады

Иллюстрациялык сүрөт

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырыш үчүн сынакка катышкан компанияларды тандоо боюнча Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулуп, аукцион үзгүлтүккө учурады.

Журналисттердин көз алдында өтүп жаткан сынакта система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, анда "Мега-Лайн" жоопкерчилиги чектелген коомун жеңүүчү деп таап, ал 50,5 млрд. сом сунуш кылганын көрсөттү. Бирок комитеттин IT адистери мындай сан жаңылыш болушу ыктымал экенин айтып, системаны оңдоого аракет кылып жатышат. Анткени долбоорду ишке ашырууга 2,5 млрд. сомдон төмөн баа сунуш кылган компаниялар тандалып алынмак.

Тендердик комиссиянын төрагасы Кубанычбек Шатемиров сынакка кеминде үч компания катышканын, соңунда система жеңүүчүнү аныктай албаганын мойнуна алды. Ал мунун себеби белгисиз экенин, техниктер аны аныктагандан кийин гана маалым болоорун айтты.

Буга чейин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев 23-августта "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо тендери жыйынтыкталаарын билдирген эле. Ал тандоо эки тур менен өтөрүн, биринчи турда автоматташтырылган система өзү тандап, экинчиси – сынак комиссиясы ар бир компаниянын документтерин карап чыгаарын айткан.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келе жатат. Үч жолу сынак өткөрүлүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылбай, тараптар соттошуп киришкен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38