KELECHEK
rek

Болтон менен Патрушевдин жолугушуусунан кийин биргелешкен билдирүү жасалган жок

Болтон менен Патрушевдин жолугушуусунан кийин биргелешкен билдирүү жасалган жок

Николай Патрушев (солдо) менен Жон Болтон (оңдо) Женевада. 23-август 2018-жыл

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон менен Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Женевадагы жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү жасашкан жок.

Болтондун айтымында, жолугушуу маалында ал Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкендиги тууралуу маселени көтөргөндүктөн, биргелешкен билдирүү болгон жок.

АКШ президентинин кеңешчиси Вашингтон Орусиянын шайлоолорго мындан кийин дагы кийлигишүүсүнө чыдабай турганын белгиледи. Анын айтымында, Кошмо Штаттар быйыл ноябрда Конгресске өтө турган «орто мөөнөттүк» шайлоонун жыйынтыктарына таасир этүү аракеттерин токтотууга даяр.

Жолугушуу беш саатка созулуп, жабык өттү, журналисттер киргизилген жок. Анда Сириядагы согуш, Ирандын өзөктүк курал маселеси, Украинанын чыгышындагы жаңжал жана АКШнын санкциялары күчүнө кирип жаткан кездеги эки тараптуу мамиле талкууланган.

Жолугушуудан кийин Патрушев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн башка расмий адамдарды дагы Орусияга чакырганын билдирди. Сүйлөшүү маалында Орусия Коопсуздук кеңешинин катчысы менен Болтондун кийинки жолугушуусу тууралуу макулдашуу жетишилген жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52