KELECHEK
rek

ЖМК: Орусиянын Сириядагы аба соккуларынан үч жылда сегиз миң жай тургун мерт болду

ЖМК: Орусиянын Сириядагы аба соккуларынан үч жылда сегиз миң жай тургун мерт болду

Сириянын Растан шаарындагы Орусия менен Сирия президенттеринин сүрөттөрү. Август 2018-жыл

Орусиянын Сириядагы үч жылдан берки аба соккуларынан кеминде 8 миң жай тургун жана куралдуу топтордун 10 миңден ашык мүчөсү мерт болду. Бул тууралуу Би-би-си Сириядагы адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борборуна шилтеме кылып билдирди.

Би-би-си күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги Москванын Сириядагы масштабдуу активдүүлүгү тууралуу жыйынтыктоочу маалымат таратканын, бирок анда каза болгон орус аскерлери менен жай тургундар жөнүндө эч нерсе айтылбаганына көңүл бурган. Мекеменин YouTube сервисиндеги расмий каналында 2015-жылдын сентябрынан бери Сирия жаңжалына 63 миңден ашык орусиялык аскер кызматкери катышканы айтылган.

Ал ортодо Орусия Коргоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча Сириядагы операция башталгандан бери 80ден ашык орус аскер кызматкери курман болгон. Андан тышкары Москва кеминде 7 учак жана 6 тик учагын жоготкон.

«Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөш жүргүзүп келаткан АКШ башында турган коалиция 2014-жылдын августунан бери Сириянын жана коңшу Ирактын аймагына 30 миңден ашык аба соккусун жасаганын билдирген. Ошондой эле ал миссиянын алкагында миңден ашык жай тургун кокустан мерт болгонун моюнуна алган. Көз карандысыз укук коргоочулар бул сандар кеминде алты эсе азайтылып айтылган болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Орусия аскерлерин Сирияга ал өлкөнүн президенти Башар Асаддын чакыруусу менен киргизгенин жана согуштук операциянын максаты «Ислам мамлекетине» каршы күрөш экенин билдирип келет.

Анткен менен батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары Орусиянын чыныгы максаты — куралдуу оппозицияга каршы согушуу жана Асаддын өкмөтүн сактап калуу экенин бир канча жолу билдиришкен. АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү Москва Сирияда жай тургундардын өмүрүн көңүлгө албай, ал эмес аскердик кылмыштарды жасап жатышы мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52