KELECHEK
rek

Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш болууга ниеттенүүдө

Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш болууга ниеттенүүдө

Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат. Бул тууралуу 22-августта журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков айтып берди.

Маалыматтарга караганда, жалпысынан 10 документке кол коюлары күтүлүүдө. Эки өлкө президенттери кеңейтилген жана чакан форматта жолугушат. Жээнбеков менен Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтык жана мамилелерди андан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанда өтө турган сапары 23-24-августка белгиленүүдө.

Акыркы жолу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга 2014-жылы барган, ал эми түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга туура үч жыл мурда, 2015-жылдын август айында келип кеткен.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 2010-2017-жылдары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 73% арбыган. Экспорт 69,4%, импорт 4,5% көбөйгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12