Эгизбаевдин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы ИИМге жөнөтүлдү
“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу журналисттин өлүмүн иликтеп жаткан тергөөчү Сүйүнбек Муңайтпасов “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, экспертиза "Эгизбаевдин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон" деген бүтүм чыгарган. Ошол эле кезде анын ашказанынан уулануунун белгилери аныкталган эмес.
Мындан тышкары экспертиза буга чейин көп суроолорду жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар маркум каза болгондон кийин пайда болгон деп белгилеген.
ИИМдин өкүлү экспертизанын жыйынтыгы талданарын, тергөө иштери уланарын жана бардык маалыматтар каралып чыгарын кошумчалады.
“Азаттык” радиосу Эгизбаевдин каза болушунун жагдайын өз тарабынан иликтеп жатат жана коомчулукка бул туурасында маалымат берет. Коомчулукта журналисттин өлүмүнө кырсык себепкер болушу мүмкүн дегенге ишенбегендер да бар.
Курч иликтөөлөр менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.
Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алган. Ушул тапта журналисттин көзү тирүүсүндө ага коркутуу-үркүтүүлөр болгону боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53