Кыргызстанда маалыматтын чын-төгүнүн тактоочу сайт ачылды
Кыргызстанда Интернет айдыңында тараган маалыматтардын, журналисттер жазып жаткан кабар-баяндардын чын-төгүнүн аныктоого багытталган сайт иштей баштады. Быйыл 1-июнда ачылган factcheck.kg сайты өлкөдө медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында эл аралык "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосунда иштеп жатат.
Анын негизги максаты - фейктердин бетин ачуу жана окурмандарды ар бир маалыматка дароо ишене бербестен, сын мамиле менен кабыл алып, чын же жалган экенин билүүгө үйрөтүү. "Жазылгандын баары - чындык эмес" дейт сайттын башкы редактору Болот Темиров.
Сайтта маалымат каражаттарында чыккан макалаларга талдоо жүргүзүү, чындык менен токулган маалыматты айырмалай билүү ыкмалары аудио, видео жана текст түрүндө орусча жана кыргызча жарыяланып турат. Азыр сайтта элүүгө жакын талдоочу, маалыматтык баяндар бар.
Жарандар же басылмалар кай бир кабардын, сүрөттүн чын-төгүнүн билүүнү кааласа, сайт аркылуу адистерге кайрылса болот.
Фактчекинг - журналисттик иликтөөнүн бир түрү жана учурда эл аралык трендге айланууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04