KELECHEK
rek

Жалал-Абадда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды көзөмөлдөө күчөтүлөт

Жалал-Абадда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды көзөмөлдөө күчөтүлөт

Жалал-Абад шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды көзөмөлдөө жана аларга жардам берүү күчөтүлмөкчү. Бул тууралуу шаардык мэрияда өткөрүлгөн семинарда айтылды.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Турмуштун оор кырдаалында турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндөгү” токтомунун аткарылышынын негизинде шаардык мэрияда семинар өткөрүлдү. Аталган семинар ”SOS балдар айылы Кыргызстан” эл аралык коомдук уюмунун өкүлдөрү тарабынан уюштурулган. Ага Жалал-Абад шаарындагы мектептердин социалдык педагогдору, аймактык тескөөчүлөр, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.

”SOS балдар айылы Кыргызстан” эл аралык коомдук уюмунун өкүлү Гүлзат Асанбаеванын айтымында, бул уюм бир жылдан бери турмуштун оор кырдаалында жашап жаткан үй-бүлөдөгү балдарды көзөмөлдөп, ошол үй-бүлөлөргө жардам берип, иш алып барып келишет.

“Жалал-Абад шаардык мэриясынан социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Салтанат Алтынбекова биздин тренингге катышып келген. Биз бүгүн Жалал-Абадда балдарга байланышкан кандай көйгөйлүү маселелер бар экендигин билгени келдик. Бүгүнкү семинарга келип катышкандардын ар бири өз коллективдерине, шаар тургундарына кеңири түшүнүк берет деген ойдобуз”,- дейт Г. Асанбаева.  

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13