«Карамык» тозотунун жетекчиси: чек аранын өзүнчө мыйзамдары бар
Буга чейин бир топ кыргыз айдоочулары “Карамык” тозотунда тажик чек арачылары акча талап кылууда деп даттанып келишкен. Эми алар мамиле мурункудан да начарлаганын айтышууда. Анткен менен тажик чек арачылары айыптоолорду четке кагат.
Кыргызстандын Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Толубай Ушбаевдин айтымында, буга чейин тажик чек арачылары автоунааны жалпы текшерүү үчүн 50 сомони алып келген. Эми ар бирин бир саатка чейин кароого алышууда.
Бул арада Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине даттанган 25 айдоочунун тизмеси чек арачылардын колуна тийип калган. «Чек арачылар бул тизмени айдоочуларга көрсөтүп, буга жооп бересиңер деп коркутуп жатышат”, - дейт ал.
Бирок аталган тозоттун жетекчиси кыргыз айдоочуларынын айыптоолорун четке кагып, чек арачылар мыйзам чегинде иштеп жатышканын айтууда. Эч кандай тизме жоктугун билдирди. Ал маалымдагандай, автоунаалар чек арада төрт мамлекетттик органдын текшерүүсүнө кабылат.
Буга чейин Тажикстандын Чек ара аскерлери башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев “Карамык” тозотунда акча талап кылган учурлар бар экендигин мойнуна алган. Бирок унаалардын чек арада жыйылып калуусу “техникалык” маселелерге жана жаңы бирдиктүү маалымат системасын киргизүүгө байланыштуу экендигин айткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38