Бишкекте конвойдун жоокери сот имаратында өзүн атып алды
Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борбору “Азаттыкка” ырастады.
Окуя кечээ саат 15:43төр чамасында болгон. Маалыматка караганда, 18 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокер табелдик курал менен өзүн башка аткан. Катардагы жоокер алган жараатынан улам "Тез жардам" келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Жоокер сотко кимди коштоп барганы жана кайсы иш боюнча соттук процесс жүрүп жатканы белгисиз.
Буга чейин июлдун ортосунда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагындагы 21 жаштагы жоокер өзүн атып алган. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийген.
Ушуга окшош эле окуя июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында да болгон. 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөө бул факты боюнча суицид деп жыйынтык чыгарган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05