KELECHEK
rek

Түркмөнстан: МТСтин доо арызынын келечеги жок

Түркмөнстан: МТСтин доо арызынын келечеги жок

Түркмөн өкмөттүк маалымат ресурстары орусиялык МТС байланыш операторунун Түркмөнстанга карата доо арызынын келечеги жок деп билдиришүүдө.

МТС Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүнүн токтотулганына байланыштуу Дүйнөлүк банктын алдындагы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго инвестициялык доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу РБК басылмасы орусиялык компаниянын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазган.

Түркмөн бийлиги былтыр сентябрда МТСтин Түркмөнстандагы өкүлчүлүгүнүн өлкөдө иштөө лицензиясын узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу компания ишин токтотууга аргасыз болуп, кеминде 750 миллион доллар зыян тартканын билдирүүдө. МТС түркмөн бийлигин 2009-жылы инвестицияларды коргоо тууралуу эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн укуктарын бузууга айыптоодо.

Бул арада Радиожыштыктарды көзөмөлдөө кызматынын жооптуу адиси өкмөттүк басылмаларга маек берип, түркмөн бийлиги МТСти лицензиядан ажыраткан деген маалыматтарды четке какты.

"Иш жүзүндө компанияны эч ким лицензиядан ажыраткан эмес. Менимче, МТС өкүлдөрү кадыр-баркын сактап калуу үчүн агрессиялык коргонуу жолу аркылуу кызыктар тараптардын жана коомчулуктун оюн атайлап адаштырууда. Түркмөнстанда МТСтин ишинин токтошу -радиожыштыктарды берүү боюнча келишимдин аягына чыгышына байланыштуу. Буга телекоммуникациялык кызматтар боюнча лицензиянын тиешеси жок", - деген түркмөн аткаминери.

Түркмөнстан бийлиги орусиялык МТС компаниясы менен болгон талашына расмий түрдө түшүндүрмө бере элек. 
Түркмөнстанда МТС компаниясы 2017-жылы 29-сентябрда ишин токтотууга аргасыз болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53