Марселдеги баш-аламандыкка 150 орусиялык футбол бейбашы катышкан
Марселдин прокуратурасы 11-июндагы англис күйөрмандары менен болгон кагылышууга 150дөн ашуун атайын даярдыктан өткөн орусиялык футбол бейбашы катышкандыгын билдирди.
Associated Press маалымдагандай, прокурор Брис Робин шаардагы бүлүндүрүү иштерине дал ушул ээнбаштар күнөөлүү экендигин билдирген. Ошол эле учурда буга англис күйөрмандарынын да катыштыгы бар экендигин айткан.
Аталган кагылышууларда 30дан ашуун адам жабыркаган. Алардын айрымдары өтө оор абалда. 20 адам кармалды, алардын арасында британдыктар, француздар жана австриялыктар бар экендиги маалымдалууда.
УЕФА мушташка байланыштуу Орусиянын футбол биримдигине карата дисциплинардык иш козгоду. Ал күйөрмандарды расизм, баш-аламандыкка катышуу, пиротехниканы колдонууга айыптады. Ошондой эле, эгер орус жана англис күйөрмандарынын ортосундагы кагылышуулар уланса, УЕФА Орусия менен Англия курама командаларын Европанын чемпионатынан четтетүү ыктымалдуулугун эскертти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05