Өлкөдө үч жатак абак жоюлат
Чүй облусундагы №37 жана № 48, ошондой эле Бишкектеги №35 жатак абактары жоюлат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-июлда кол койгон.
Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова жатак абактар кылмыш саясатын гумандаштыруу жана чыгымдарды оптималдаштыруу иштеринин алкагында жоюлуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан жазаларды жеңилдетүү саясатынын алкагында соттор кылмыштын түрүнө карата эркинен ажыратууга байланышпаган жазаларды колдонууга аракет кылып жатышат.
«Мындан тышкары абактагыларды кармоо үчүн чыгымдар көп кетет. Колония имараттарынын бир бөлүгү Жазаларды аткаруу кызматына таандык болсо, калгандары ижарага алынат. Биз бошогон имараттарды өндүрүштүк ишкана катары пайдаланалы деп жатабыз», — деди басма сөз катчы.
Азырынча жатак абактарды жоюу иштери качан аяктай тургандыгы так белгисиз. Сабатарова белгилегендей, кызматкерлерди жумушка орноштуруу, камактагыларды которуу жана жабдууларды чыгаруу үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, акыркы 15 жыл ичинде Кыргызстанда соттолгондордун саны минимумга чейин азайган. 2017-жылдын аягына карата республикада соттолгондордун саны 7172 адамды түзгөн. Бул 2003-жылга салыштырганда дээрлик эки эсеге аз.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









